Домой Саясат «Ата Журттун» депутаттарынын тарапташтары Жогорку соттун алдынан кабарчыга кол салышты

«Ата Журттун» депутаттарынын тарапташтары Жогорку соттун алдынан кабарчыга кол салышты

4

 Бишкекте Жогорку сотто бүгүн, 16-июлда «Ата Журт» фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата кылмыш ишин кароо боюнча соттук процесс өтмөк.

«Азаттык ү1нү» кабарчысы Рыспек Токтоналиевдин айтымында, ал депутаттын тарапташтарын видеотасмага тартып жаткан, бирок, топтошкондор ага жулунуп, эки аял анын футболкасын айрып салган.

Ал белгилегендей, аларга карата администрациялык жаза көрүлүшү керек.

Бишкек ШИИБнин жетекчисинин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, кабарчы тараптан арыз жазылып, ал аялдарды Биринчи май РИИБне алып кетишти. «Аларга карата териштирүү жүрүп жатат», – деди ал.