Домой Саясат “Ата Мекен” даана “айныды”

“Ата Мекен” даана “айныды”

2

текебаевПарламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын акыркы кадамдары таптакыр түшүнүксүз болууда. Негизи бул фракциядагы депутаттар шефи Өмүрбек Текебаевден “добро” болбосо саясий маселелер боюнча ооз да ача албайт. Муну турмуш аке беш жылда далилдеп койду. Эсиңиздерде болсо мурдагы спикер Акматбек Келдибековду дал ушул фракция, тактап айтканда Текебаев кызматтан алып түшкөн. Ага кылмыш ишинин козголушуна да ушул фракциянын салымы чоң. Эми болсо “атамекенчилер” тымызын сүйлөшүп алып, Келдибековду колдоого алууда. Албетте, бул шайлоонун шайтан оюну дечи. Бирок, кыска убакытта эки жүздүү саясат жүргүзгөн партияга таң калат экенсиң. Буга чейин Келдибековдун сотунда Райкан Төлөгөнов “Акматты мыйзамсыз кызматтан алганбыз” деп “тантыса”, 8-июнда Туратбек Мадылбеков анын жубайына таандык Канттагы медицина окуу жайын коргоп чыкты. Туратбек мырза, Келдибековдун жубайына тиешелүү окуя жайды айга күнгө теңеп, аны Медакадемиядан жогору коюп сүйлөдү. “Керек болсо Канттагы окуу жай Медакадемиядан да күчтүү. Эмне үчүн бир топтон бери соттошуп келесиңер”, – деп Билим берүү министрин зекиди. Мына окурман, “Ата Мекен” партиясынын чыныгы жүзү. Булар эртең шайлоо жакындаса дагы кандай кадамдарга барат болду экен? Биз билгенден Келдибеков пенсионерлердин, майыптардын, кары-картаңдардын чөнтөгүнө кол салып кылтакка илинген. Ал эми анын жубайы Аида Токтоматова шылуундук менен кантип окуу жайда иш жүргүзүп, илимий наамын кандай жолдор менен алганын баары жакшы билет. “Ата Мекен” партиясы ушулардын таламын талашууда. Айла жок.

Айбат гезити №132