Домой Саясат “Ата Мекендин” эки депутаты мандатын тапшырсын деген маселе көтөрүлөбү?

“Ата Мекендин” эки депутаты мандатын тапшырсын деген маселе көтөрүлөбү?

4

мандат

“Ата Мекен” партиясынын депутаттары Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун уулдары аталарын уят кылып бүтүшмөй болду. Жеке гана аталарын эмес, бүтүндөй партияга көө жаап аткандарын лидери Өмүрбек Текебаев түшүнүп атабы?

Бул жумада Максим Бакиевге тиешелүү кымбат баалуу имаратты рейдерлик жол менен басып алып, документтерин жасап, арзанга сатып ийген деген айып менен Элдар Мадылбеков Биринчимай райондук сотунун чечими менен 9 жылга кесилди.

Ал эми Райкан Төлөгөновдун баласы Муса болсо Таш-Көмүрдө Бакиевдерге тиешелүү мылтык алып жүрүп кармалды.

Туура, карга деле баласын аппагым дейт, бирок мамлекеттик маанилүү кызматта, эл өкүлү болуп отурган эки депутаттын бети кызарып койбостон, кайрадан Текебаевди коалициядан чыгып кетүүгө тукуруп, “бизди мародер деп атышат” деп кулагына эки жактан ырдап жаткандары натуура.

Угушубузча, “Ата Мекен” партиясынын булуң-бурчундагы мүчөлөрү бул экөөнө нааразы болушуп, мандаттарын тапшырып кетүүлөрүн талап кылышат экен.

Ар, намыс, уят дегенден бир нерсе калса, булар мандаттарын айттырбай эле тапшырып кетиши керек.