Домой Негизги “Ата-Мекендин” “ишенген кожосу” сууга акты…

“Ата-Мекендин” “ишенген кожосу” сууга акты…

9

Жоомарт ОторбаевЖантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөттү ур-тепкиге алып атып, аягында коалициялык көпчүлүктөн чыга качып кетирген «Ата-Мекен» фракциясы өткөн жылдын 4-апрелинде өкмөт башчылыгына өздөрүнүн партиялашы, өкүлү болгон Жоомарт Оторбаевди алып келишкен эле. Ага чейинки өкмөттү “Кумтөр” маселесин чечкиндүү чече албай койду дегендейине койгон болсок, Оторбаев башында турган өкмөт бул маселени деги эле ордунан козгой алган жок. Сатыбалдиевдин өкмөтү жок дегенде өздөрүнүн позициясын билдирип, Биргелешкен ишкана түзүү тууралуу жаңы келишимдин долбоорун даярдай алышкан болсо, Жоомарт мырзабыз деги эле эч нерсе кыла албады. Эки сөздүн башын эптеп сүйлөй албай, кыбырап басып, кыбырап сүйлөп атып, туура бир жыл 19 күн дегенде кызматын тапшырып отставкага кетти. ““Кумтөр” маселеси биздин колго тийсе тим эле кыйратат элек” дегендей чамынып келген партиянын шаабайы сууптуру. Кыязы ишенген “кожолору” сууга акты окшойт…

Айбат гезити №125