Домой Саясат «Ата-Журт» фракциясы мөөнөтүн аяктабай жок болобу?

«Ата-Журт» фракциясы мөөнөтүн аяктабай жок болобу?

4

ТашиевПарламенттеги «Ата-Журт» фракциясынан ырк кеткенине көп болуп калды. «Ишенген кожолору сууга аккандан бери» ар кимиси алды-алдынан ар кайсыл партиянын, же топтун этегин кармап кетишүүдө. Мындай процесс адегенде жайыраак башталса, эми дүңүнөн боло баштады. Маселен, аталган фракциянын депутаттары Хаджимурат Коркмазов, Нургазы Айдаров, Улукбек Кочкоров жана Абдимуталип Кочкорбаевдер «Ата-Журттан» чыгып «Өнүгүү» партиясына кире качышты. Минтип отурса, шайлоого чейин «Ата-Журтта» эч ким калбай, жалгыз эле Ташиев өзү Бабановдун жанында калат окшойт. Ошондо Өмүрбек Токтогулович Камчыкеге «Артыңда эч ким жок болсо сенин эмне керегиң, бошсуң» деп «талак» берип койбос бекен, ыя?

Айбат гезити №133