Домой Саясат Атажуртчу депутаттардын сот иши 23-июлга жылдырылды

Атажуртчу депутаттардын сот иши 23-июлга жылдырылды

6

жогорку сотБүгүн, 16-июлда Жогорку соттун имаратында “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун сот иши боюнча отурум болду. Депутаттар келбегендиктен анын адвокаттары сот ишин кийинкиге жылдырууну суранышкан эле. Сот ишти кийинкиге калтырды. Атажуртчу депутаттардын кийинки сот иши бир жумадан кийин 23-июлда саат 10-00дө Жогорку соттун имаратында болот.

Сот ишинин кийинкиге жылдырылышынын себеби адвокаттардын иш менен толук танышууга убактыкысы болбогондугу болду.

Эскертсек, өткөн жылдын 5-октябрында аталган үч депутатка “Бийликти басып алууга чакырык таштоо” жана башка беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Алар 3-октябрда борбордук аянтта “Кумтөрдү” улутташтыруу талабы менен митинг өткөрүшкөн.

2013-жылдын 17-июнунда Бишкек шаардык соту депутаттарды актаган чечим чыгарган болчу. Бирок 10 күндөн кийин Башкы прокуратура Жогорку сотко доо арыз менен кайрылган эле.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227421