Домой Саясат Атажуртчу үч депутаттын иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Атажуртчу үч депутаттын иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

6

камчыбек ташиев“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда “ВБ”га депутаттардын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, 16-июлга белгиленген сот ишинин болбой калуу себеби ага билгисиз.

Адвокат сот жыйынын өткөрүү мыйзамсыз деп эсептейт. Анткени ал мамлекеттик айыптоочудан эч кандай кагаз ала элек.

“Балким муну соттор түшүнүп сот ишин башка күнгө белгилөөнү чечишсе керек”,- деди Айткулов.

Эскертсек, 27-июнь күнү Бишкек шаардык соту үч депутатты актаган чечим чыгарган.