Домой Саясат Атамекенчилер Баткен облусунун жоюу идеясын сынга алышты

Атамекенчилер Баткен облусунун жоюу идеясын сынга алышты

14

Баткен облусу

“Ата Мекен” фракциясы бүгүнкү, 14-июндагы жыйынында Баткен облусунун жоюлушуна каршы болушту.

Эскертсек, Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында, Баткен облусунун административдик аймактык бөлүнүшүн тактоо боюнча комиссия түзүлгөн. Тийиштүү токтом долбоорун көпчүлүк депутаттар колдошкон. Бул комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат кирет. “Ата-Журт” фракциясынан Курмантай Абдиев жана Улукбек Кочкоров, КСДПдан – Жусупали Исаев жана Карамат Орозова, “Ар-Намыстан” – Бактыгул Маматов жана Абдырахман Маматалиев, “Республикадан” – Назарали Арипов менен Абдыжапар Бекматов, “Ата Мекенден” – Өмүрбек Текебаев жана Ташполот Балтабаев кирди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, буга чейин “Республика” фракциясы Баткен облусунун жоюу керек деп айтып чыккан. “1999-жылы Баткенге террористтер келген. Анда биз алсыздыгыбызды көргөздүк. Ошондо бул аймактагы мамлекеттик чек араны чыңдоо боюнча маселе келип чыкты. Азыр болсо республикачы депутат Назарали Арипов бул облусту жоюу тууралуу айтып чыкты”,- деди Текебаев.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225727