Домой Дүйнө кабары Аялдарга жакшы мамиле жасаган мусулман өлкөсүн аныкташты

Аялдарга жакшы мамиле жасаган мусулман өлкөсүн аныкташты

8

мусулмандарКомор аралдарынын Кеңеши аялдар үчүн эң мыкты шарт түзгөн деп табылды. Мындай бүтүмдү британдык Thomson Reuters Foundation кайрымдуулук фондунун адистери чыгарды. Изилдөө жыйынтыгы бүгүн алардын сайтына жарыяланды.

Иликтөөнү жүргүзгөндөрдүн маалыматына таянск, Комор аралдарында кыз-келинде министрликтин кызматтардын 20ын ээлейт экен. Андан сырткары никеге турганда бир топ артыкчылыктар берилиптир, эгерде жубайлар ажырашып кетсе, кыймылсыз мүлк аял кишиге калат.

Мындан сырткары аялдарга мамиле жасоо боюнча жогорку рейтингди Оман, Кувейт жана Иордания ээлеген.

Изилдөөчүлөр аялдарга жаман мамиле кылган мусулман өлкөлөрүнүн ана башына Египетти коюшту. Аталган мамлекетте аялдарга зордук-зомбулуктар арбын жасалат дешти, т.а. аялдарды медициналык көрсөтмөсү жок эле “отургузушат” деп жазылган изилдөөдө. Жүрөк үшүн алган мындай көрүнүшкө египеттик 27 млн. аял кабылыптыр.

Мындан сырткары Египетте аялдар бийлик бутактарындагы кызматтарга коюлбаган. Thomson Reuters Foundation абал 2011-жылдагы ыңкылыптан кийин дагы оордошуп кеткендигин билдирет. Хосни Мубаракты алып түшкөнгө чейин Египет парламентинде кыз-келиндердин үлүшү 12ды түзсө, азыр болгону 2.

Египет менен катарлаш Ирак, Сауд Арабиясы, Сирия жана Йемен келе жатат дешти эксперттер. Thomson Reuters Foundation бул иликтөөсүнө 22 мамлекетти камтыган. Маалыматты Лента.ру таратты.

Айбат гезити №53