Домой Спорт Азия-2013 оюндарында Кыргызстандын курама командасы 15-орунга татыды

Азия-2013 оюндарында Кыргызстандын курама командасы 15-орунга татыды

2
1
 Жабык имараттардагы Азия оюндарында жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 15-орунда экени белгилүү болду.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, жалпы командалык биринчиликти Кытай курама командасы алып кетти. Экинчи орунда Түштүк Кореянын спортчулары. Ал эми командалык коло байгеге Вьетнамдын курама командасы татыды.

Жабык имараттардагы Азия оюндарында бардыгы болуп 29 курама команда катышкан.

Эске салсак, Азия оюндарынан Кыргызстандын курама командасы алты медаль менен кайтып келди. Анын ичинен алтын байгени кикбоксчу Алексей Федосеев, күмүш медалдарды кикбоксчу Сталбек Дарканбаев жана тай боксчу Данияр Кашкараев алса, коло байгелерди кикбоксчулар Кумар Жалиев, Уланбек Касымбеков жана спорт бий боюнча жуптар Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей алышты.

Бул мелдешке Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышты. Алар спорттун беш түрүнөн күч сынашкан: сууда сүзүү, кикбоксинг, тай боксу, снукер, спорттук бал бийи.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227044