Домой Коом Азияда эркектердин чейрек бөлүгү зордуктоо жасаптыр

Азияда эркектердин чейрек бөлүгү зордуктоо жасаптыр

23

1

Азия аймагындагы эркектердин чейрек бөлүгү, жашоосунда жок дегенде бир жолу зордуктоо жасайт экен. Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюму өткөргөн сурамжылоодон кийин айтылды. Аталган уюм Азиянын алты өлкөсүндө эркектерге сурамжылоо жүргүзүп чыгыптыр. Маектешүүдө ар бир онунчу эркек өмүрүндө жок дегенде бир ирет зомбулукка баргандыгын айтып берген. Бул иш-чара бир нече мамлекеттерде аялдарга карата зордук-зомбулук үй ичинде канчалык деңгээлде жайылгандыгын жана анын себептерин билүү үчүн жасалыптыр.

Папуа-Жаңы Гвинеяда сурамжылоого алынган кишилердин алтымыш пайызы аялдарды төшөк мамилесине күчтөп тарткандыгын мойнуна алып, айтып беришкен. Бангладештин шаардык райондорунда абал бир аз болсо да жакшыраак экен, мындай нерсени ар бир онунчу эркек эмес, андан азыраактары жасаптыр. Ал эми Шри-Ланкада көрсөткүч көбүрөөк болуп чыгыптыр. Камбоджа, Кытай жана Индонезияда сурамжылоого катышкандардын ар бешинчи адамына чейин мойнуна алыптыр.

Иликтөөнүн бөлүгү “Lancet Global Health” деп аталган журналга жарыялангандыгын Би-Би-Си билдирди.

[yop_poll id=”9″]

Айбат гезити №45