Домой Маек Азиза Абдрасулова: “Оппозициянын логикасына түшүнө албай отурам”

Азиза Абдрасулова: “Оппозициянын логикасына түшүнө албай отурам”

4

Абдрасулова Азиза– Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Жантөрө Сатабылдиев башында турган өкмөттүн отставкага кетишине президент Алмазбек Атамбаев менен «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди күнөөлүү деп чыгышты. Алар «өкмөттү кетирүү жашыруун түрдө уюштурулду» дешет?..

– Кандайча жашыруун түрдө уюштурулду деп айтып жаткандарын түшүнгөн жокмун. Менимче, бул жерде бардыгы ачык эле жасалды. Көпчүлүк коалициядан «Ата-Мекен» фракциясы чыгып кетти. Конституция боюнча коалициядан бир фракция чыгып кетсе, ал ыдырайт. Ага чейин деле аталган фракция өкмөттү кетирүүгө аракет жасап келген.

– УОК «Жантөрө Сатыбалдиевдин иш-аракетине Жогорку Кеңеш тарабынан саясый баа берилбей, аны отставкага кетирүү аркылуу алар “жабылуу аякты кайрадан жаап коюшту» дейт. Бул туура дооматпы?

– Оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү деле Кыргызстандын жарандары. Эгерде өкмөт башчысынын кандайдыр бир күнөөсү бар болсо, ага далилдүү фактыларды келтире алышса, анда тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылышса болот. Анан жөн эле отуруп алып, «жаап-жашырып атышат» дей бергенде болобу? Оппозиция деген бийликтин өкүлдөрүнүн туура эмес иштерин көрсө, конкреттүү фактылар менен мыйзам алдында жоопко тартылышына аракет кылышы керек. Анан жөн эле кыйкырып отура берген оппозициянын эмне кереги бар? Мен алардын логикасына түшүнө албай отурам.

Айбат гезити №70