Домой Коом Б.Нурдинов, Бишкек казияты аркылуу хадж-визасын алган Өзбекстандын 30 жаранынын схемасын таап алган

Б.Нурдинов, Бишкек казияты аркылуу хадж-визасын алган Өзбекстандын 30 жаранынын схемасын таап алган

3

меккеКыргызстан  жана Орто Азия мусулмандар Конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов, Бишкек казияты  аркылуу  хадж-визасын  алган Өзбекстандын 30 жаранынын схемасын таап алган. Бул тууралуу Б.Нурдинов Бишкекте  өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, хаджга чейин ал Бишкек казияты аркылуу Өзбекстандын 30га жакын  жараны хадж-визасын алганы жаткандыгын эскерткен. Бирок, бул маалыматты Бишкек казияты четке кагып, Кыргызстандын жарандарынын паспортторунун жасалмалуулугу алардын ишине кирбесин айткан.

Б.Нурдинов белгилегендей, Өзбекстандын 25 жараны Меккеге барып келишти. “Өзбек жарандарын  Бишкектин жаңы конуштарына каттоого тургузушкан. Андан соң, жасалма документтер менен аларга Кыргызстандын жараны делген ID-картын алып беришкен”, – деп түшүндүрдү ал.

“Бул жарандар ар бир визага 1700 доллар төлөшкөн.Алардын ортомчусу  ноокаттык Манас Исаков, муфтияттын “капчыгы” Искен Калмуратов менен байланышып иш кылган”, – деп билдирди Б.Нурдинов.

Андан соң Нурдинов, журналисттерге өзүндө болгон, Кыргызстандын жасалма паспорту менен хаджга Сауд Аравиясына барган өзбек жарандарынын тизмесин көрсөттү:

1. Абдиллаева Дилбара

2. Абдуллаева Махираткан

3. Абдуллаева Махираткан

4. Мамажанова Абдумасамт

5. Мамарасулов Маматазим

6. Тажимаматова Диларам

7. Тажимаматов Хамитжан

8. Исаков акрамжан

9. Исакова Мунажат

10. Полотов Турдала

11. Орунбаев Хабибулла

12. Орунбаева Авазхан

13. Алимова Аптавкан

14. Алимов Захиджан

15. Имяминов Захиджан

16. Имяминова Абасхан