Домой Кырдаал Б. Төрөбаев: Жарылуулар Жалал-Абадда, Ошто болду, эртең Баткенде же Ысык-Көлдө болушу мүмкүн

Б. Төрөбаев: Жарылуулар Жалал-Абадда, Ошто болду, эртең Баткенде же Ысык-Көлдө болушу мүмкүн

9

Төрөбаев БакытЖогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев укук коргоо органдары өлкөдө көп катталып жаткан жарылууларга көңүл буруусун өтүндү. Бул тууралуу ал, 10-октябрда парламенттин кезектеги жыйынында айтты. Ал билдиргендей, президент жакынкы күндөрү Кыргызстандын Коргоо кеңешинин отурумун өткөрөт. «Кеңештин отурумунда ушул маселени көтөрүүнү өтүнөм. Жарылуулар Жалал-Абадда, Ошто болду, эртең Баткенде же Ысык-Көлдө болушу мүмкүн. Кайсы бир жерде граната жарылды, же газ баллону жарылды. Маселени көтөрүп, укук коргоо органдары бул көйгөйгө көбүрөөк көңүл бурушу керек», – деди ал.

Айбат гезити №49