Домой Саясат Бабанов башканы баштайбы?

Бабанов башканы баштайбы?

12

омурбек БабановСаясий айдыңдагы согуп турган желаргынын обонуна таянсак, ушул күздө парламент таркай турганы чечилип калгандай. Ошого байланыштуу саясатчылар эмитеден шайлоонун кам-чомун жеп, жашырын-жабык сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, каражат булактарын караштырып башташыптыр. Жеке булактарыбыздан алган маалыматтар боюнча, өткөн шайлоонун шаңын чыгарып, жалаң капчыктуу ишкерлерди талапкер кылуу менен жеңишке жетип келген “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ушу тапта башы маң болуп жатыптыр. Анткени, шайлоого “Республика” менен чыгайын десе, анысы үчкө бөлүнүп, Төрөбаев өзүнчө, Исаев өзүнчө кеткен. Ал турсун Алтынбек Сулайманов да Ахмат Келдибеков менен биригип кетүү алдында турат дешет. Андыктан Өмүке да кайрадан жаңы партия түптөп, ишенимдүү делген жаш, жаңы кадрлар менен шайлоого барат окшоп калды…

Булак: “Планета”(М.Э)