Домой Негизги Бабанов-Ташиев “арзуусу” ашынып баратыр…

Бабанов-Ташиев “арзуусу” ашынып баратыр…

7

“Республика – Ата журт” партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов “Фейсбуктагы” баракчасына кызыктай сүрөттөрдү илди. Анда ал үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев менен Суусамыр жайлоосунда кар урушуп “ойноп” аткан кербези сүрөттөлгөн.

Ташиев, Бабанов_Суусамыр жайлоосу

Кудум кыз-жигиттин “кылыктанганы” көз алдыга тартылат дегиң. Өзүнчө эле романтика! Камчыкебиз адатынча барскандай болгон муштумуна кар чеңгелдеп алып Өмүкесинин мойнунан кайрып алып, бетин жышып аткан кези.  А Өмүрбек мырза тим эле жыргап алган. Эркелеп алган. Таңгаласың. Эмне булардын “сүйүүсү ашынып” кеткенби деп коебуз. Парламентке жеткичекти ушинтип “кыналышып” калышты, эртеңки күнү “махабат тоюн” уюштуруп жиберишпейби, ыя? Жосуңсуз жорукту баштаган саясатчыларга жол болсун дейбиз!

Ташиев, Бабанов_Суусамыр жайлоосу 02 Ташиев, Бабанов_Суусамыр жайлоосу 03 Ташиев, Бабанов_Суусамыр жайлоосу 04 Ташиев, Бабанов_Суусамыр жайлоосу 05

 

Айбат гезити №148 (02.10.2015)