Домой Саясат Бабанов «жылтыраган» жердин баарын сатып ала береби?

Бабанов «жылтыраган» жердин баарын сатып ала береби?

0

«Республика-Ата-Журт» партиясБабановынын тең-төрагасы Өмүрбек Бабанов Кайсар аттуу казак досу аркылуу Кочкор районунун Талаа-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дүңгүрөмө жайлоосундагы жез чыккан тоону сатып алганын айылдын элинен эшиттик. Аталган жайлоону сатып алуу үчүн лицензиясына «Белтөр» ЖЧКсы  2013-жыл үчүн айыл өкмөткө 600 миң сом бергени айтылууда. Албетте, Кайсардын артында Бабанов турганы бештен белгилүү нерсе. Бабанов башынан чокту бирөөнүн колу менен кармаганды жакшы көрөт эмеспи. Ошол маалда Бабанов кыргыз өкмөтүн башкарып турган эле. Ал эми анын партиялаштары Учкунбек Ташбаев же Замирбек Эсенаманов мамгеологияны башкарып турса керек эле.