Домой Саясат Бабановдон айымдардын көңүлү калыптыр

Бабановдон айымдардын көңүлү калыптыр

1

Бабанов“Республика – Ата журт” партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабановдон аялдардын көңүлү “үч көчкөн журттай” калганы белгилүү болду. Жөнөкөй мисал. ЖоКедеги “Республика” фракциясындагы үч айым: Чолпон Султанбекова, Роза Акназарова менен Элмира Жумалиева жолбашчысына өлө таарынып, бөлөк партияга өтүп кетишти. Эл өкүлдөрү бул кадамы тууралуу жакынкы аралыкта кенен маалымат беришет чыгар. Ошентсе да, Бабановдун “алдар көсөөлүгүн” эми айымдар түшүнө баштаганы эле анын лидер катары бышып жетиле электигин ырастайт эмеспи. Дагы тереңдетип айтсак, бир партияны биримдикте жөндөп башкара албаган, аял затынын – энелердин назарына калган адамдын келечегин элестетиш кыйын болуп туру.

Айбат гезити №141