Домой Саясат Бабановдун «куурчагы» Арипов ич күптүсүн чыгарганда

Бабановдун «куурчагы» Арипов ич күптүсүн чыгарганда

4

Арипов НазаралиӨмүрбек Бабановдун Назарали Арипов аттуу «кол баласы» бар. Ал көпчүлүк учурда депутаттык мандатын пайдаланып, жеке кегин алмайга өттү дешет. Маселен, 2010-2011 -жылдары ага караштуу курулуш компаниясы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамдирекция өткөргөн тендерлерден жеңбей калганын, ал кездеги директор Жантөрө Сатыбалдиевден көрүп, анын акысын эми алганы жатат. Тактап айтканда, мамдирекциянын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссияны жетектеп, курулай жалааларды жабууда. Анын негизинде Ж.Сатыбалдиевди өкмөт башчылыгынан эңип түшүү планы кылтыйып жатканы бештен белгилүү. Н.Ариповдун максаты, жолбашчысы Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке отургузуу керек экен. Кандай болгон күндө да Бабановдун эски «казыгына» кайтып келиши кыйын. Себеби, бир аргымакты шылтоолоп башбакандыктан шыпырып түшкөн «ата мекенчилер» мындай аракетке бөгөт коёру турган иш.

Айбат гезити №65