Домой Саясат Бабырбек Жээнбеков «ооруп» калыптыр

Бабырбек Жээнбеков «ооруп» калыптыр

4

Жээнбеков БабырбекКызмат дарты соо адамды «оору» кыларын антимонополдук комитеттин төрагасы Бабырбек Жээнбеков турмуш жүзүндө далилдеди. Анын креслого жабышканын ушундан билгиле, өзүнүн «Алиби» гезити аркылуу өзүн саясый куугунтукка кабылган киши катары көрсөтүп, кара чечекей уулу Равшан Жээнбековду жамандаткандан кайра тартпады, ов! Ал эми Равшан мырза «атам үчүн жооп бербейм» деп тескери карап туру. Мындайда саясат таануучу Табылды Акеров айткандай, атасы Бабырбек кызматтан кетиши керек же уулу Равшан оппозициялык позициясынан кайтып, өкмөткө жардам бериши керек. Кыскасы, ата-баланын эки жээкте талтайып турганы этикага сыйбасын Акеров баса белгиледи.

«Алибидеги» маалыматка ишенсек, Б.Жээнбеков «ооруп» жатып калган имиш. Ошол эле маалда ал тууралуу кызык аңыз тарады. Бабырбек мырза жылуу ордунан жылмышарын туйгандан бери «бөдөнөнүн сүтүнөн» ашепке шимиргенинин кесепетинен «жин-шайтандар менен сүйлөшүп», «ооруп» калганы чынбы? Үн катып коёрсуз, «господин» Жээнбеков?!

Айбат гезити №69