Домой Саясат Байлык топтобой, бата топтогон Дүйшөн Ирсалиев

Байлык топтобой, бата топтогон Дүйшөн Ирсалиев

5

Дүйшөн ИрсалиевШайлоодо Нарын облусу боюнча СДПКны эң алдыңкы көрсөткүчтө сүйрөп келген Дүйшөн Ирсалиев болду десек болот. Себеби, Дүйшөн мырзаны Кочкор району жалпы колдоп бир топ аброю бар экен. Албетте, эл адамы элдин камын ойлоп жүрүп, ушундай сый-урматка ээ болуп отурат. Башынан иш билги мырзанын уюштуруучулук жөндөмүнүн, аброюнун жогорулугунан улам жогорку көрсөткүчтү багындыра алды. Дүйшөн Ирсалиев өзүнүн командасына жалаң мыкты адамдарды топтоп, алар менен иш алып баруунун натыйжасында көп добушка ээ боло алды. Эми анын депутат болуп өз элинин, кыргыз журтунун экономикасынын, калктын жашоо шартынын оңдолушуна зор салым кошооруна терең ишенебиз. Ушундайда ким дос ким душман экени билинип калат турбайбы. Башкаларчылап байлык топтобой, бата топтогон инсан экени анын кылган ишинен көрүндү. Аброю жоктор алдыга жылып, таза адамдар көмүскөдө калып калчу эле.

Айбат гезити №150 (16.10.2015)