Домой Кылмыш Байтикте табылган кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр аныкталды

Байтикте табылган кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр аныкталды

3

Дүйшөбаева КамилаУшул жылдын 10-мартында 18 жаштагы Камила Дүйшөбаева аттуу кыз Бишкек шаарынын «Достук» кичирайонундагы үйүнөн чыгып, досторуна жолукканы кеткен боюнча 16-март күнү кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндүн жанынан табылганы элди уу дуу кылган эле.

Алдын ала маалыматтар боюнча Байтик айылына жакын жерден табылган кыздын денесинде зордукталган же кордолгон белгилер табылган жок. Маалымат жыйында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Максат Абдыкулов бул тууралуу билдирди. Анын айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат, шектүүлөр аныкталууда.