Домой Саясат Бажы союзуна кимдер каршы?

Бажы союзуна кимдер каршы?

5

Таможенный союз - Бажы союзуКыргызстандын Бажы союзуна киришине каршы чыккан топтор митингдер сериясын баштаганы турат. «Ат тезегин кургатпай» Украинага каттаган «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова, М.Асангариев, А.Алымбаев, А.Абдрахманов өңдүү фигуралар 6-февралда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлдөрүнө кезигишти. Анда «ВСП+» аталыштагы Европа Биримдигинин саясатын жүргүзчү программаны коомчулукка сунуштоо демилгеси көтөрүлүптүр. Бизге жеткен маалыматка таянсак, бейөкмөтчүлөр аталган уюмду Бажы союзуна альтернатива катары көтөргөнү жатышыптыр. Мына сага, Бажы союзуна каршы чыккандардын артында ким турары айгинеленди! Мындан улам, жазында «Бажы союзуна каршыбыз!» ураанынын астында өтүүчү митингдердин көмүскөдөгү кожоюну Батыш деп кабылдай беребизби?

Айбат гезити №65