Домой Коом Байзак айылындагы жаңы ачылган искусство мектеби балдар күнүндө концерт беришти

Байзак айылындагы жаңы ачылган искусство мектеби балдар күнүндө концерт беришти

12

1

Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында да 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү белгиленди.

Бул тууралуу Байзак айыл аймагынын башчысынын орун басары Таалай Күчмуратов «Жумгал KG» маалымат борборуна билдирди.

Анын маалыматына карасак, ачылы иштегенине 7 айдын жүзү болгон Солто Рысмамбетов атындагы Искусство мектеби балдар үчүн чакан концерт тартууласа, айыл өкмөтү балдарды куттуктап ар кыл багыттагы белектерди тапшырган.

Балдар биздин келечегибиз, алардын келечеке багыт алышы мына биздин колубузда, аларга бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп коомдогу ордун жогорулатышыбыз керек. Терең билим тарбия берип аларга көңүл буруу бардык ата-эне жана мугалимдердин колунда. «Биз балдар бар үчүн коомдо ордубуз бар»- деди айыл өкмөт башчысы А.Сапаров.