Домой Саясат Бакиевди алып келебиз дешкен арзыматтар көбөйдү

Бакиевди алып келебиз дешкен арзыматтар көбөйдү

1

Бакиев2010-жылдын 7-апрелинде 90дон ашуун жигитти окко учуруп, жүздөгөн жараныбызды өмүр бою майып кылып туруп Минскиге кире качкан канкор президент Курманбек Бакиевди «эңсеп», «сагынып», аны мекенине алып келүүнү көздөгөн күчтөр пайда болду.

КурСалиевичтин «желдети» Садыр Жапаров каржылаган интернет-сайттардын бири «Что ты скажешь Бакиеву, если встретишь его в Бишкеке?» аталыштагы тасманы жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө талкууга салышты. Тасмада К.Бакиевдин президенттик доорундагы жакшы көрүнүштөр шөкөттөлүптүр. Ал эми атайын жалданган «арзыматтар» Бакиевге кечирим берип, аны мекенине кайтып келиш керек дегендей пикирлерди жаадырышыптыр.

Бул атайын даярдалган акция экени бешиктеги балага деле түшүнүктүү эмеспи. Бирок, канчалык акташпасын, Курманбек Бакиев тарыхта канкор президент катары жазылып калары шексиз. Эгер ал Кыргызстанга келсе, жалпы кыргыз элинен кечирим сурап, анын ичинде окко учкан 90дон ашуун жигиттин арбагынан, майып болгон 100дөгөн жараныбыз үчүн мыйзам алдында жооп бериши абзел. Ошондой эле элибиздин, мамлекетибиздин байлыгын уурдап-тоногону үчүн мыйзамдуу жазасын алышы зарыл. Мына ушуга КурСалиевич даярбы? Андыктан, аны актагысы келген кишилер алгач ушул жагын «жети өлчөп, бир кессе» дейбиз.

Айбат гезити №75