Домой Кызыктар дүйнөсү Баклажан кошулган хе салаты

Баклажан кошулган хе салаты

60

баклажанКандай азыктар керек?

Баклажан: 1 даана

Болгар калемпири: 1 даана

Сабиз: 1 даана

Пияз: 1 баш

Сарымсак: 3-4 тишче

Өсүмдүк майы: 0,5 стакан

Корейче сабиз үчүн татымал: 2 чоң кашык

Уксус: 2 чоң кашык

Соя соусу: 1 чоң кашык

Туз, шекер: татымына жараша

 

Кантип жасалат?

Баклажанды алгач тилке кылып туурап, андан кийин майда узун кылып туурайсыз да, туз себелеп жарым саат тыныктырып коёсуз. Сабизди кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз, пиязды жука туурайсыз. Болгар калемпирин узун кылып туурап, шекерди себелеп 30 мүнөт тыныктырып коёсуз. Баклажандын суусу чыкканда кайнап жаткан сууга салып 2 мүнөт кайнатасыз. Идишке баклажанды, майда тууралган сарымсакты, соя соусун жана башка тууралган азыктарды саласыз. Аягында өсүмдүк майын, уксусту кошуп аралаштырып коёсуз.