Домой Кызыктар дүйнөсү Баклажандан жасалган даамдар

Баклажандан жасалган даамдар

124

баклажанКышкы салат

Кандай азыктар керек?

Помидор: 3 кг

Болгар калемпири: 2 кг

Баклажан: 2 кг

Пияз: 1 кг

Сабиз: 300 г

Өсүмдүк майы: 200 г

Шекер: 100 г

Туз: 100 г

Уксус (9дуу): 100 г

Сарымсак: 1 баш

Ачуу болгар калемпири: 1 даана

Кара мурч: жарым чай кашык

 

Кантип жасалат?

Баклажанды кабыгын аарчыбай туруп тегерек кылып туурайсыз. Помидорду эт майдалагычтан өткөрөсүз. Болгар калемпирин узун кылып, пиязды жарым шакекче кылып туурайсыз. Сабизди, сарымсакты, ачуу болгар калемпирин эт майдалагычтан өткөрөсүз. Даяр болгон азыктардын бардыгын кошуп, ага шекерди, тузду, майды кошуп отко коёсуз. Жай отто 40 мүнөт кайнаткандан кийин уксусту куюп, бууланган банкаларга куюп оозун бекитип коёсуз.