Домой Маек Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ, ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясы: Сотторду тандоо кеңеши ишенимди актаган жок

Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ, ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясы: Сотторду тандоо кеңеши ишенимди актаган жок

3

Жетигенов Бакытбек– Бакытбек мырза, бүгүн Сотторду тандоо кеңеши жыйынга чогулганы жатышканы маалым болду. Бул кеңештин буга чейинки ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Ишенимди актап жатабы?

– Бул Сотторду тандоо кеңешинин иши боюнча коомчулукта өтө көп сөздөр айтылып жатат. Көпчүлүгү: «Бул кеңеш сотторду акыйкат тандабай жатат, өзүнчө эле бизнеске айлантып алышты» деген кептер айтылууда. Айтор, оң пикирлерге караганда терс пикирлер басымдуу болуп турат. Андыктан мен бул кеңеш ишенимди актай албай жатат деп айтат элем.

– Анда ушундай тандоо кеңешинин кереги барбы?

– Биз башында буларды жакшы ой-тилек менен түзгөнбүз. Тилекке каршы андай болбой калды. Сот системасын оңдошот го деп ойлодук эле. Эч кандай оңдоо болгон жок. Андыктан бул кеңештин мүчөлөрүн кайрадан артка чакыртып алууну карап жатышат. Эгерде алардын ордуна башка таза, акыйкат адамдарды алып келсек, балким бул кеңештин иши оң натыйжа берээр.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №53