Домой Коом Бала бакчанын имаратын бошотпой жаткан мекемелердин аты аталды

Бала бакчанын имаратын бошотпой жаткан мекемелердин аты аталды

2

Эльвира СариеваПарламенттин Билим берүү, илим жана жаштар саясаты комитетинде Билим берүү министри  бир катар мамлекеттик органдар бала бакчалардын имаратын бошотпой жатканын билдирди.

“Учурда 467 имаратты ар кайсы мамлекеттик мекемелер бошотпой келет. Маалымат катары айта кетсем, УКМК 2 имаратта, Салык кызматы – 6, Мамлекеттик курулуш – 2, Тышкы иштер министрлиги – 2, Саламаттыкты сактоо министрлиги 7 имаратты бүгүнкү күнгө чейин бошотпой келет. Буларды бошотуу тууралуу соттун чечими жок. Бирок, мамлекеттик орган болгондон кийин өздөрү эле чечип койсо болмок. Анткени бул бала бакчалардын тизмеси Мамлекеттик мүлк фондусунда бар да”, – деди ал.

Мындан сырткары, Э.Сариева бул жылы да бала бакчалардын санын көбөйтүү боюнча бир катар аракеттер болорун кошумчалады.

Айбат гезити №132