Домой Коом Балыкчыда 7-апрель окуясында курман болгондорго эстелик тургузулат

Балыкчыда 7-апрель окуясында курман болгондорго эстелик тургузулат

3

Балыкчы

Балыкчы шаарында 7-апрель окуясында курман болгондорго эстелик тургузулат. Мындай чечимди шаардын мэриясы жана Балыкчы шаардык кеңеши чыгарган. Бул тууралуу Ысык-Көл областынан кабарчы Шейшекан Жаналиева кабарлады. 7-апрель окуясында курман болгондорго тургузулуучу эстеликке 1 млн сом керектелет.

Эстелик Ысык-Көлдүн дарбазасы аталган Балыкчы шаарынын эс алуучу сейил бактарынын бирине орнотулат. Азырынча эстелик тургузулуучу жайдын орду тактала элек. Бирок эстелик тургузууга жумшалуучу акча каражаты чечилди. Белгилей кетсек, аталган калаадан эки жигит апрель окуясынын курмандыгы болгон.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227530