Домой Кызыктар дүйнөсү Банк кызматкери уктап кетип 222222222,22 евро которуп таштаган

Банк кызматкери уктап кетип 222222222,22 евро которуп таштаган

2

аппарат

Германинянын банк кызматкери, иш ордунда, счеттон счетко акча которуу убагында “2” деген кнопканы басуу меенн уктап кетип, 64,2 евронун ордуна 222222222,22 евро которуп таштаган.

Катачылыкты бат эле табышкан жанан акчаны кайтарышкан, бирок бул инцидентте уктап кеткен кызматкерди контролго алып кароочу 48-жаштагы банк кызматкерин кїнєєлї деп табып, иштен бошотушкан. 1986-жылдан бери иштеп келаткан кызматкер сотко кайрылган. Себеби финансалык которуу анын айтуусу боюнча кара ою жок, жєн гана капыстыктан болгон. Ошондой эле кызматкер ошол кїнї 800 дєн ашкык операция жасаганы белгилїї болду, анан да ар бир операцияга 1 гана секунддан ашыгырак убакыт кетирген экен.

10 июнь кїнї кызматтык талаш соту кызматкерди иштен кыгаруу туура эмес деп тапты. Сот “выговор” жарыялоо жетишээрлик болот деп, банк кызматкерин иш ордуна кайтарууну талап кылды.

derStandard.at басмаканасы инцидент 2012 жылдын апрель айында, Майнедеги Франкфурттун банкында болгон деп тактады. Бирок кайсы банк жана уктап кеткен кызматкерге кандай санкциялар колдонулганы тууралуу айтылган эмес.