Домой Кызыктар дүйнөсү Банкаларды туура стерилизациялайбыз!

Банкаларды туура стерилизациялайбыз!

20

банка, стерилизацияКүн сууктап Кыштын келе жатканыдыгындан кабар берип турат. Кыштын камын ойлогондор кышкы салаттарды жасап жаткан учурлары. Андыктан иштеген мээнетиңиз текке кетпеш үчүн банкаларды туура стерилизациялоо маанилүү экенин унутпаңыз. Анкени, ичиндеги сиз жазаган салаттарыңыз бузулуп, колдонууга жарабай калбаш үчүн банкаларды туура стерилизациялоонун жөнөкөй ыкмаларын колдонуңуз.

  1. Банкаларды алгач жакшылап текшерип чыгыңыз. Сынык же кертилген жерлери болбошу керек. Андан кийин таза жууп аласыз. Банкада эч кандай жыт калбашы керек.
  2. Банкаларды бууга чайнектин же мискейдин жардамы менен стерилизациялоого болот. Идиштеги кайнап жаткан сууга банканын башын ылдый каратып коюп, 15 мүнөткө бууландыруу шарт. Ал эми экинчи банкага алмаштырууда биринчи банканы көмкөрүлгөн абалда таза кездеменин үстүнө коюп коёсуз. Оозун жогору каратып коюуга болбойт.
  3. Духовкага да салып стерилизациялоого болот. Ал үчүн таза жуулган банканы духовкага салып, 160 градус ысыктыкка коюп коёсуз. Банканын суусу толугу менен кургап бүткөнчө турушу керек.
  4. Микроволновкага 700-800 Вт күчүнө 3-5 мүнөткө саласыз. Ал үчүн таза жуулган банкага жарым стакан суу куюп коёсуз. Суу кайнаганда банка стерилизацияланат.

Капкактарды стерилизациялоо

Мискейдеги сууга 10-15 мүнөткө салып кайнатып алсаңыз болот.

Пайдалуу кеңештер:

Эски капкактарды жана кичинекей эле жеринде кертик бар капкактарды да колдонууга болбойт.

Узак убакытка сактай турган азыктар салынган банканы вакум капкагы менен жаппаңыз. Ичине бир- эки айдан кийин эле аба кире баштайт.

Консервалоо үчүн керектүү азыктарды абдан кылдаттык менен таза жууп, чирип же бузулуп бара жаткандарын кошуп алуудан сак болуңуз.