Домой Коом Барган жери майрамга эмес, ызы-чууга айланган Чолпон Жакупова

Барган жери майрамга эмес, ызы-чууга айланган Чолпон Жакупова

3

Чолпон ЖакуповаЧолпон Жакупова деген адвокат эжекебизди кимдер гана тааныбайт. Ал эжебиз “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, 7-апрелде 87 баланы аткандарды коргоп, “Альфа” тобунун кызматкерлеринин адвокаты болуп тарыхта калган. Ушул жактан эле чоң суроо туулат. Өзүнүн жеринде маркум балдардын укугун коргобой, аларды атып жок кылган компаниянын киллер жигиттеринин укугун коргогон айымдан кандай жакшылык күтсө болот? Ошол 87 баланын апаларынын каргышы эле канча турат дейсиз? Гезит беттериндеги жарыяланган маалыматтарга таяна турган болсок, 2013-жылы “Адилет” уюмунун банктагы эсебине 19,5 миллион сомго жакын каражат түшкөн. Ал каражат кайдан түшкөн болсо, Жакупова албетте ошол тараптын ырын ырдайт да.  Баса, 2014-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин маалыматтык жыйынында өткөн тегерек столдо “Жаңы муун” кыймылынын жаштарына: “Келе жаткан Парламенттик шайлоо таза өтпөйт, өлкөдө хаос болуп атат, башаламандык болот” – таризиндеги кептерди айтып, саясатка аралашалы, деген жаштардын шагын сындырган сөз айтканына жол болсун. Анысы го ал дейли. Эми мынтип өзү “Бир бол” партиясынан депутат болуп Парламентке келди. Чолпон Идиновна, сиздин оюңузча шайлоо таза өттүбү? Албетте, эгер сиздердин партия өтпөй калганда шайлоо таза эмес өтмөк, даттанчу жериңизге даттанып, барчу жериңизге бармаксыз. Эми буюрса, мандат алып, креслого отурганда да 87 баланы аткан киллерлердин укугун коргойсузбу? Эми “Жаңы муундун” жаштарына кандай жооп айтасыз?

Айбат гезити №151 (23.10.2015)