Домой Спорт “Барселона” менен Месси жаңы келишим түздү

“Барселона” менен Месси жаңы келишим түздү

3

Леонель Месси

Испаниялык “Барселона” менен Леонель Мессинин ортосунда жаңы келишим түзүү макулдашылды. Бул жумада жаңы келишимге кол коюлат. Жаңы келишим 2019-жылга чейин, же мурдагыдан бир жылга көп. Финансылык жагы так айтылбайт, бирок чет элдик жаңылыктарга караганда Месси өзүнүн айлыгын көбөйтүүнү талап кылган. Ал эми анын учурдагы  бир жылдык айлыгы 16 млн.еврону түзөт.

“Барса” менен Мессинин ортосундагы жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр оор болуп, Мессинин башка клубка кетиши мүмкүн деп жатышкан. Мисалы,  26 жаштагы аргентиналык оюнчуну “ПСЖ” менен Манчестер Сити” сатып алгысы келген.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №77