Домой Коом Башбакан Ош облусунун башчысынын жүрүм-турумуна нааразы экендигин билдирди

Башбакан Ош облусунун башчысынын жүрүм-турумуна нааразы экендигин билдирди

3

жанторо сатыбалдиев

14-августта күз жана кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча селектордук жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн Ош облусу боюнча атайын өкүлү Сооронбай Жээнбековдун жүрүм-турумуна нааразы экендигин билдирди. Өкмөт башчы, ага Жээнбеков өзү эмес анын өкүлү байланышка чыгып губернатор жарманкеге катыша тургандыгын маалымдаганын айтты. Сатыбалдиев таң калуу менен: “Губернатор жарманкеде өзү товар сатып жүрөбү? Кышка дарярдык иштерине өзү келип жооп берсин. Анчалык эле бошобой жатыптыр, эмне себептен жыйынга орун басарлары жөнөткөн жок?”,- деди ал. Жыйынтыгында премьер Ош облустук администрациясынын отчётун уккандан баш тартты.

Айбат гезити