Домой Саясат Башкы “ата мекенчи” сөз эркиндигин муунтууга өттү

Башкы “ата мекенчи” сөз эркиндигин муунтууга өттү

4

Текебаев ӨмүрбекПарламенттик шайлоо алдында мурдагы каршылаштарын биринин артынан бирин колтугуна кысып баштаган “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев үчүн депутаттык мандат баарынан жогору тураары айкын иш болуп калды. Буга чейин “Мырзакматов оозуна келгенди сүйлөй берет” деп келсе, эми аны менен тандемдеш. Артур Медетбековду да бир жеңден кол чыгарууга чакырып алды, муну менен эле токтобой мурда өзү сынга алып келген “Жаңы муун” кыймылынын жармач “патриоттору” менен да “баш кошту”. Ош шаарына барып алып, “Биз каччулардан эмес, кубалачуларданбыз” деп төш какты. Кимди кубалаганы жүрү, өзү? Эмнеге? Кызык. 2010-жылы элибиз акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү издеп борбордук аянтта кан төгүп атып Бакиевдерди кубаласа, эми кайра Текебаев бакиевчилердин баары айланасына топтоп алып эски бийликти алып келгиси келеби? Сөздүн ачыгы ушундай болуп атпайбы? Бирок, депутаттык мандат дегенде эки көзү жайнап турган Өмүкебиз мындай ачуу чындыктарды уккусу келбей, анын кадамдарын сынга алгандарды сотко берем деп коркутуп отуру. Маселен, ал КТРКны сотко бере тургандыгын билдирди. Мына кызык тамаша. Кече эле сөз эркиндиги керек деп жүргөн Текебаев, өзүнө келгенде аны чектеп койгусу келет турбайбы? Журналисттердин тилин кыркып, кадимки бакиевдик режимди алып келгиси келип аткан болобу, ошондо?

Айбат гезити №139