Домой Коом Башкы прокуратура К.Кадыралиевди жумуштан айдап, кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура К.Кадыралиевди жумуштан айдап, кылмыш ишин козгоду

12

Канжар КадыралиевОштогу ишкер Сактан Келдибаевден ири өлчөмдө акча алып, ага жана анын жакындарынын өмүрүнө кол салган делип айыпталган Ош шаардык прокуратурасында эмгектенген Канжар Кадыралиевге байланыштуу чуулгандуу окуяга президент Алмазбек Атамбаев да көңүл буруп, ага карата мыйзам чегинде чара колдонууну Башкы прокурор Аида Саляновага тапшырган эле. Бүгүн, 18-ноябрда башкы көзөмөлдөөчү орган бул окуяга карата билдирүүсүн таратты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокурор Аида Салянова К.Кадыралиевди кызматтан алып, ал эми Ош шаардык соту ага карата кылмыш ишин ачып, аны камакка алуу чечимин чыгарган. «Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмү 14-ноябрда Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси («Бейбаштык»), 353-беренеси («Өзүмбилемдик») жана 170-беренесинин («Опузалап талап кылуу») негизинде кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иши ошондой эле А.Б. аттуу жарандын анын жана анын уулунун, К.Кадыралиев да анын тууганы У.Кадыралиев тарабынан опузага алынышы, 2004-жылдан тартып 3 гектар жерди мыйзамсыз пайдаланып, аны эми өткөрүп берүүнү талап кылган» деген Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы учурда иликтөө иши улантылып жатканын кошумчалаган.

Канжар Кадыралиев ЖК депутаты, КСДП фракциясынын өкүлү Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы болот. Ушунун өзү мыйзам бардыгына бирдей экенин, бийликчил партиянын өкүлдөрүнүн өздөрү же жакындары мыйзам бузса, жазага тартыларын ырастайт.

Айбат гезити №105