Домой Саясат Батирди бошотчу, байболгур!

Батирди бошотчу, байболгур!

3

Талант МамытовКамчыбек Ташиевдин артынан Ак үйдүн тосмосунан секире коём деп депутаттык мандатынан ажыраган Талант Мамытов алигиче өзүн депутат эсептеп жүрөт окшойт. БШКнын 2013-жылдын 20-августундагы №139 токтомунун негизинде Т.Мамытовдун депутаттык ыйгарым укугу токтотулганына карабастан, борбор калаадагы Таш-Көмүр көчөсүнүн №2/1 үйүнөн кызматтык батирди өткөрүп бербей жүрөт. Ага батирди бошотчу, байболгур деген жан чыкпайт же өзү уялып бошотуп бербейт. «Уялбагандан өзүң уял» демекчи, солдойгон эле жигиттин бул кылыгы көпчүлүккө күлкү болот экен. Деңгээли ушул да, болбосо Ак үйдүн тосмосунан акыл-эси жайында адам секирмек беле?!

Айбати гезити №116