Домой Коом Баткенде кармалган тажик жарандары бошотулду

Баткенде кармалган тажик жарандары бошотулду

7

чек арачылар

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Раззаков билдиргендей, облустун Ак-Чечек айыл аймагында 1-сентябрда курал менен кармалган Тажикстандын төрт жараны бошотулду.

Маалыматтарга караганда, кармалгандардын ишин УККнын облустагы башкармалыгы териштирди. Жыйынтыгында тажик жарандары Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирген эмес деп табылып, аларды бошотуу чечими кабыл алынды.

Буга чейин Чегара кызматын Тажикстан жарандарынын жанынан алыска атуучу 5 даана сайлуу мылтык табылганын, аларга мамлекеттик чегараны уруксатсыз кесип өтүп, жашыруун аңчылык кылып жатат деген айып тагылганын билдирген болчу.

Раззаковдун айтымында, ал адамдар  куралчан эмес, аңчылыкта жүргөн адамдар экени аныкталды. УКК муну териштирип, аларды кылмыштуу аракет жасаган эмес деп бошотушкан.

Айбат гезити