Домой Кырдаал Баткендеги шахтерлорду издөө улантылууда

Баткендеги шахтерлорду издөө улантылууда

9

шахта

Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагындагы Самаркандек айылында 2013-жылдын 13-августунда Сары-Таш чегиндеги шахтада көмүр казып алуу учурунда, шахтага сел суусу кирип 1977-жылы туулган С.Абдрахманов жана 1991-жылы туулган Т.Абдрахманов калып калган. 13-августтан баштап ӨКМ жана жергиликтүү тургундар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө, бирок, натыйжа болгон жок. 2013-жылдын 21-августунда издөө иштерине КР ӨКМдүн РӨКОнан 3 кинолог, III ИКОнан 20 куткаруучу, №1 ӨМТККВнан 6 куткаруучу, №4 ӨМТККВнан 6 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам 2 насос тартылып, 50 метр тереңдигин, 80 метр оң, сол капталдарына кеткен забойлордон 65 метр тазаланды. Издөө иштери улантылууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айбат гезити