Домой Коом Баткендин Чарбак айылында жергиликтүү тургундар таза суу чыгарганга өздөрү жер каза башташты

Баткендин Чарбак айылында жергиликтүү тургундар таза суу чыгарганга өздөрү жер каза башташты

7

чарбак-айылыБаткен облусунун Баткен районунун Чарбак айылында таза суу жок болгондуктан жергиликтүү тургундар суу чыгарганга өздөрү жерди каза башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө 20 метр жер казылса дагы эч кандай суу чыкпай жатат. Жергиликтүү тургун А.Акматовдун айтымында, алар суу чыкканга чейин каза беришмекчи. Баткен районунун акими Акмурза Тагаев билдиргендей, Өзбекстандын Сох анклавынан Чарбак айылына суу түтүктөрү тартылат. «Азыркы тапта Чарбак айылында Өзбекстанга көз карандысыз суу түтүктөрү курулуп жатат», – деп кошумчалады ал.