Домой Коом Батукаевдин балээси бийлик башындагыларды тынч уктатпай турган болду.

Батукаевдин балээси бийлик башындагыларды тынч уктатпай турган болду.

4

Министрлер Азиздин атын түшүндө айта турган абалга жетип калды окшойт. Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин Батукаевди бошотконго тиешеси бар делген министрлер кызматтан алынышы тууралуу маселени кароо боюнча Өкмөт башчысына тапшырма берилбеди беле. Азыр Өкмөттө кайсыл министрди креслосу менен кош айтыштыруу маселеси каралып жаткан кез экен. Коалицияга кирген фракциялар өздөрүнүн кадрын сактап калуу үчүн Өкмөт акени коркутуп-үркүткөнгө чейин барып жатышканы баарын кызыктырууда. Кимиси өз кадрын сактап калса, ошол фракция күчтүү болуп чыгат эмеспи. КСДП деген партиянын мүчөсү болсо, ага катуу сүйлөө кыйынга турган мезгилде калган эки фракция кандай амал табары баарыбызды күттүрүүдө.

Булак: “Жаңы Ордо”.