Домой Саясат Батыш кыймылдады, Р. Жээнбеков дагы…

Батыш кыймылдады, Р. Жээнбеков дагы…

4

Freedom House

«Фридом Хауз», «Прецедент», «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» сыяктуу Батыштын «чоорун сыбызгытып», «ырын ырдаган» бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү ЖоКедеги эркин депутат Равшан Жээнбековго жолугушту. Жолугушууда «СОРМ» тууралуу мыйзам талкууланыптыр. Равшан Бабырбекович аталган мыйзамга каршы экенин билдирип, бейөкмөтчүлөрдүн талабын парламент жыйынынан айтып чыгарын убада кылыптыр. Бул сүйлөшүүнүн ачык жагы, ал эми көшөгөнүн ары жагындагы сүйлөшүүгө кулак түрсөк, Р.Жээнбеков жазгы «концерттерге» колдоо керектигин ачык айтып, бейөкмөтчүлөрдү митингдерге кол кабыш кылуусун суранганы чынбы? Ансыз деле «АКШнын агенти» атыккан Равшан мырза чыныгы жүзүн ачып, «эл душманы» экенин турмуш жүзүндө далилдегени калдыбы?

Айбат гезити №65