Домой PR Beeline кыргыз тилинин орфографиялык онлайн-сөздүгүн түзүүнү колдоду

Beeline кыргыз тилинин орфографиялык онлайн-сөздүгүн түзүүнү колдоду

9

Beeline«Эл сөздүктүн» жаңы долбоорунун бет ачары жакында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өттү. «Эл-Сөздүк» популярдуу онлайн-сөздүгүнүн жана иштеп жаткан MS Word үчүн TamgaSoft орфографияны текшерүү системасы KyrSpell 2.2 базасында орфографияны онлайн текшерүү функциясы ишке ашырылды. Долбоордун аркасында каалагандар айрым сөздөрдүн жана чоң тексттердин орфографиясын текшере алышат.
Эске сала кетсек, Beeline эл аралык оператору эки жылдан бери «Биздин Мурас» Коомдук Фонду менен кызматташып келе жатат. Маселен, өткөн жылы компания кыргыз википедиячыларынын экинчи республикалык чогулушун колдоого алды.
«Эл-Сөздүк» онлайн-сөздүгү эң популярдуу электрондук сөздүктөрдүн бири болуп саналат. Ресурс 20 ар кандай сөздүктөрдү, 250 000 ашуун сөздү камтып, кыргызчадан орус, англис, турк тилдерине жана кайра кыргыз тилине которууну аткарат. Бүгүнкү күнү сөздүктүн кызматынан 190 миңден ашуун пайдалануучу колдонуп, 850 миң которуу аткарылды.