Домой Маек Бекбосун Бөрүбашов, саясат таануучу: “Чындап эле аванс берип жатканы аныкталса, шайлоого баруу...

Бекбосун Бөрүбашов, саясат таануучу: “Чындап эле аванс берип жатканы аныкталса, шайлоого баруу укугунан ажыратуу зарыл”

12

Бекбосун Бөрүбашов– Айрым партиялар 4-октябрдагы парла менттик шайлоодо добуштарды сатып алууга аракет кылып жатканы айтылууда. Добуштарды сатып алуу менен келген партиялар элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт деп ишенесизби?

– Бул мезгилге чейин добуш сатып алган партиялар элге кызмат кылганын көргөнүбүз жок жана кызмат кылуусу мүмкүн эмес. Өз күчтөрүнө ишенбей, акчанын күчү менен келген партиядан жакшылык күтүп болбойт. Азыр акча менен добуш сатып алуу өнөкөткө айланган сыяктуу. Себеби өткөн шайлоолордо да акча таратуу болгон. Акча менен мандатка келген адам акча жасайын деп парламентке келет. Биз аларга алданбашыбыз керек.

– Шайлоого катышып жаткан айрым капчыктуу партиялар шайлоочуларга азыртадан эле аванс берип жаткан экен. Негизи мыйзамда добуш сатып алууга тыюу салынган. БШК мындай көрүнүшкө кандай чара көрсө болот?

– Буга чейин БШК чара көрүптүр дегенди угуп да, көрө да элекмин. Бул маселе соттор тарабынан каралууга тийиш. БШК эскертүү гана берсе керек. Чындап эле аванс берип жатканы аныкталса, шайлоого баруу укугунан ажыратуу зарыл. Анткени коррупцияга элди суугарып жатышат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №147