Домой Коом «Бийлик менен коомчулук сексуалдык зордук-зомбулук менен күрөшүп аткан маалда соттор зордукчуларга гумандуулук...

«Бийлик менен коомчулук сексуалдык зордук-зомбулук менен күрөшүп аткан маалда соттор зордукчуларга гумандуулук көрсөтүүдө»

9

сотДал ушундай пикирин «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова 5-февралдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, зордукчулукка тушуккан жаш кыз-келиндер жана жашы жетелек кыздардын ата-энелери кризистик борборго кайрылышат.  Алар соттордун зордукчуларга карата акыйкатсыз өкүм чыгарганы, кээде таптакыр актап койгонуна наарачылыгын билдиришет. «Өткөндө Кадамжайдагы 18 жаштагы кыздын атасы кайрылды. Анын кызын 24 жаштагы айылдашы зордуктаптыр, бирок аны райондук жана Баткен облустук соту актап салган», – дейт Б.Рыскулова.

Сөзүн андан ары улаган Бүбүсара айым актоо өкүмүнө зыян тарткан тараптардын доо арызын кайра артка кайтарганы же тосмо арыз жазганы себепкер болорун баса белгиледи. «Бир окуяны мисал келтирейин. Бир кызды зордуктаган адам анын видеосун интернетке илип, бүткүл элге жаям деп коркуткан. Жыйынтыгында сотто кыз баш тарттык, зордукчул бошотулду. Кыз бир нече ирет өмүрүн кыюуга аракет кылган. Биз бул ишти Жогорку Сотто кароого жетиштик, бирок анда болгону 6 жылга эркинен ажыратылды. Алты жылдын 3 жылы амнистия менен кыскартылды. Өкүмдө анын биринчи жолу кылмыш кылганы жазылган. Эмне анын дагы бир нече зордукчул ишин жасашын күтүп, анан мыйзам чегинде жазалашыбыз керекби?» – деген суроону укук коргоочу кабыргасынан коет.

Айбат гезити №114