Домой Негизги “Бир болдон” депутаттыкка талпынып жаткан Марат Султанов деген “кыйын” жигит бар, ушундайлардан...

“Бир болдон” депутаттыкка талпынып жаткан Марат Султанов деген “кыйын” жигит бар, ушундайлардан Кудай сактасын

7

Марат Султанов, Жаныш Бакиев2010-жылы “Ата-Журттан”, быйыл болсо “Бир Болдон” депутаттыкка талпынып жаткан Марат Султанов деген “кыйын” жигит бар. Акаев, Бакиев доорунда дал ушул киши  өлкөнүн каржы тармагын каалагандай калчаган. Айрым маалыматтарга караганда Марат мырзанын байлыктары Швейцарияда катылып жатыптыр. Анын канча миллион доллары чет элдик банктарда жатканын бир өзү билбесе айтыш кыйын. Эми дал ушул Султанов кайра эле бийликке умтулуп, депутат болом деп туру. Кызыгы Марат мырза бул жолу мурдагы санаалаштары эсептелген Келдибеков, Ормонов, Ташиев, Садыр Жапаров сыяктуулардан оолак болууда. Кызматта турганда Чүйдүн жерлерин кескилеп сатып, андан миллиондорду сугунган бул эрендин “жомогуна” эл ишенер бекен? Же пулун алып шайлай береби? Султановго окшогондор айланып эле бийликке келе берсе оңбойбуз го. Ушундайлардан Кудай сактасын.

Бир бол

Айбат гезити №145