Домой Экономика Бишкек ЭЭАны корей ишкери Ли Джон Бек талкалап жатабы?

Бишкек ЭЭАны корей ишкери Ли Джон Бек талкалап жатабы?

56

Бишкек эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгүнө, өнүгүүсүнө тосколдук
жараткан жагдайлар узак жылдан бери эле болуп келатканы боюнча ЖМКларга буга
чейин бир катар маалыматтар чыгып келгени ырас. Андай тосколдук жараткан
компаниялардын бири бул- БЭЭАны өнүктүрүү боюнча Борбор Азиялык корпарациясы
(Центрально-Азиатская корпарация по развитию СЭЗ. Мындан ары кыскартылып ЦАК
деп жазабыз) болуп эсептелет. ЦАК БЭЭАга ишкана катары алгач 1997-жылы
катталаган. Аталган корпоратциянын башында корей улутундагы Ли Джонг Бэк турат.
Ал эми анын жубайы кыргыз улутундагы Бейшеналиева Назира Тутунова.Назира айым
бир канча жылдан бери Азия банкында Директорлор кеӊешинде эмгектенет.
Аткарылбаган келишим, алданган БЭАА…
Ли Джонг Бэк ЦАК аркылуу БЭЭАга караштуу жерлерге бир канча курулуштарды
салмак. Бирок андан бери 23 жыл өтсө да бир да курулуш ишин жүргүзбөстөн,
тескерисинче мыйзамга баш ишбей, БЭЭАны өнүктүрүүгө багытталган коррапциясы
менен өнүктүрбөй эле, «өлтүрүү» аракетин ачыктан –ачык кылып келатканы ачык эле
көрүнүп турат.
Эми төмөндө фактыларга өтөлү:
1997-1999-жылдар аралыгында Ли Джонг Бэк БЭЭАга:
1.«Central Asia Insurance Corporation» ( кийин «Central Asia Sandwich Panel Plant
Corporation» деп өзгөртүлгөн) ЖЧКсын,

  1. «Central Asia Corporation» ЖЧКсын, (бирок бул ишкана Юстиция министрлигинен
    каттоодон өткөн эмес)
  2. «Central Asia Kia Motors Sales Corporation (негизги ишмердүүлүгү катары эс алуу
    парктарды куруу көрсөтүлгөн) ЖЧКсын,
  3. “Банк Азии” Жабык акционердик коомун каттаткан.
    Булар менен катар 12 келишим бекитилген. Ал келишимдердин негизинде
    Бишкектин четиндеги Улуттук көргөзмө борборунун (ВДНХ) жери узак жылга өтө
    жеӊилдетилген шартта ижарага берилген.
    2002-жылдын 14 –ноябрында №101чи жаӊы келишим түзүлүп, анын негизинде:
  • Улуттук көргөзмө борборунун 23, 25 га. жерин 93 жылга ижарага берүү Ошондой эле
    ал келишим боюнча улуттук көргөзмө борборунун имаратын капиталдык оӊдоптүзөөдөн өткөрмөк.
    -«Экспоборбордун» имаратын 26 жылга ижарагаберүү ( бул 26 жыл ичинде
    жалпысынан болгону 100 миӊ гана долллар ижара акы төлөө каралган)
    -№22 терминалдын имаратын 46 жылга ижарага берүү (46 жылдын ичинде болгону 300
    миӊ доллар ижара төлөө каралган. Бул акчанын 207 778 доллары
    Kia үлгүсүндөгү автоунаа менен төлөнмөк). Эске сала кетчү жагдай ижарага берилген
    бул имараттардын баары 93 жыл бою ар кандай салыктардан бошотулган. Ал эми
    инвестор болгон Ли Джонг Беэк өзү ижарага алган имараттардын коммуналдык
    төлөмдөрүн төлөм турмак.
    Белгилей кетсек, корей инвестору ишти баштаганда алган «Фламинго» паркын салып,
    автоунаа сатуу борборун уюштуруп аларды кыска убакытка эле иштеткен.
    Кызыгы 2017-жылдын 1-январынан тартып ЦАК менен «Central Asia Kia Motors Sales
    Corporation» ортосунда келишим түзүлүп, ал келишимге ылайык ЦАК берилген
    БЭЭАнын жогоруда жазылган бардык имараттары өткөрүлүп берилген.
    Мамлекетке келтирлген чыгым 13,5 млн. доллар
    Ошентип, 20 жылдан ашуун мезгилден бери ЦАК БЭЭАнын 23 гектардан ашуун жерин
    жана бир катар имараттарын келишимде көрсөтүлгөндөй иштетпестен, же БЭЭАга
    кайра өткөрүп бербестен, жеке менчигиндей эле басып жатат. Натыйжада Улуттук
    көрөзмө борборунун имараты жана ага караштуу жери кароосуз калып, өзүнүн
    мурунку кооз көркөмүн жоготуп, кейиштүү абалга жеткен. Буга ЦАКтын дагы бир өзүм
    билемдиги себеп болуп калды. ЦАК БЭЭАнын жетекчилиги жана тишелеүү
    көзөмөлдөөчү органдар менен макулдашпай туруп, Улуттук көргөзмө борборунун
    аймагындагы баалуу бак-дарактардын (100дөн ашуун)баарын кыйып салган. Андан
    тышкары, улуттук көргөзмө борборунун бир катар имаратын (буфет, макетный цех,
    “Сувенир” дүкөнү) бузуп, мурун келишимдер көрсөтүлбөгөн жаӊы имараттарды салуу
    үчүн жер пайын (казылган котлован 2176 чарчы метер жана 4425 чарчы метерди
    чапчыйт) тереӊ кылып казган. Бирок эч кандай жоопко тартылган эмес.
    Жалпысынан ЦАКтын мамлекетке келтирген зыяны 13,5 млн. долларды чапчыган.
    Жогоруда ЦАК келишимге ылайык ижарага алган имараттары үчүн коммуналдык
    кызматтарды өзү төлөмөк. Бирок ошончо жылдан бери төлөбөй жүрүп коммуналдык
    кызматтарга болгон карыз 2 млн. 300 миӊ сомго жеткен. Бул акчаны өндүрүү боюнча
    эмдигчие соттук иштер жүрүп жатат.
    ЦАКтын соодалашмай сот оюндары
    2013-жылы БЭЭАнын башкыдирекциясы корей ишкери, ЦАКтын кожоюну Ли Джон
    Бекке келишимди бузууну билдирген. Бирок ал бул сунушка макул болбостон кыргыз
    өкмөтүн Москва соода-өндүрүштүк палатасына сотко берип, 22 млн. доллар өндүрүү
    үчүн арыз менен кайрылган. Мындан тышкары, 73миӊ доллар доо өндүрүүнү
    көздөгөн.Кызыгы, Москвадагы аталган палата 2013-жылдын 13-ноябрында кыргыз
    өкмөтүнүн бир да өкүлүнүнү катыштырбастан эле сырттан чечим чыгарып, кыргыз
    өкмөтүн ЦАКка 22 млн. доллар төлөп берүү боюнча чечим чыгарып коюшкан.
    2014-жылдын 12-февралында кыргыз өкмөтү бул доо-арыз боюнча Москва шаарындагы
    Арбитаждык соту арыз менен кайрылган. Арбитираждык сот Москва соода-өндүрүштүк
    палатасынын чечимин жокко чыгарып, аны мыйзамсыз чечим деп
    тапкан.Демек,аталган палата ЦАК менен жеӊ ичинде сүйлөшүп алгандай.
    Ошол эле жылы ЦАК БЭААны кайрадан сотко берип, бет тырмалык кылуу ишин
    уланткан.
    Ал эми ЦАКтын БЭЭАга болгон кийинки жылдары карыздары 10 173741 сомду
    чапчыган. БЭЭА 2019-жылдын 4-февралында карыздарды өндүрүү үчүн Биринчи май
    райондук сотуна арыз менен кайрылган.Андан бери бир нече жолу соттук иштер
    уланганы менен соттор тараптан БЭЭА үчүн күтүлгөндөй жыйынтык чыга элек. Соттук
    иштер дагы да уланууда.