Домой Коом Бишкек көчөлөрүнөн ок чыгарган адам кармалды

Бишкек көчөлөрүнөн ок чыгарган адам кармалды

12

лексусБишкекте “Лексус” автоунаасында бара жатып ок чыгарган адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 00.40 чамасында Чүй проспекттинен Бишкек жылуулук электр борборунун жанынан кара түстөгү автоунаа менен келе жаткан адамдар ок чыгаргандыгы тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн

Окуя катталган жерге укук коргоо кызматкерлери келип 34 жаштагы Бишкек тургунун колго түшүргөн. Анын унаасын текшерүүгө алган учурда МР-471 үлгүсүндөгү газ жана Blow Compact үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табышкан. Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.