Домой Саясат Бишкек мэри И.Өмүркулов: Акыркы үч жылда шаар кирешеси 700 млн сомго көбөйдү

Бишкек мэри И.Өмүркулов: Акыркы үч жылда шаар кирешеси 700 млн сомго көбөйдү

2

иса омуркуловБишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 27-июнда шаар депутаттарынын алдында отчет берүүдө. Мэр бул кызматта иштеген соңку үч жылда шаардын кирешеси 700 миллион сомго көбөйгөнүн айтты.

Тыныгуудан кийин депутаттар Өмүркуловго суроолорун берет. Кабарчыбыздын айтымында, «Республика» партиясынан шайланган депутаттар эгерде мэрдин жооптору аларды канааттандырбаса, анын жоопкерчилиги тууралуу маселе козголот.

Өмүркулов шаар жетекчиси болуп апрель окуясынан кийин дайындалган. Буга чейин да «республикачы» депутаттар аны кескин сындап, кызматтан кетирүү аракетин жасаган.

Булак : «Азаттык» радиосу